Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:23

Бабанов: Мени саясий оюндарга аралаштырбагыла


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылды. Ал саясаттан кеткендигин дагы бир ирет кайталап, өзүн ар кандай саясий оюндарга аралаштырбоого чакырган. Бул тууралуу ал өзүнүн "Фейсбуктагы" барагына жазды.

- Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар.Тилекке каршы, кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып жалган маалыматтарды таркатуу менен өз атын чыгарып жатышат.

Жергиликтүү кыргыз тилдүү гезиттердин бири 12-январда чыккан санында Бабанов чет өлкөдө мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевге жана Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго жолукканын жазган.

Президенттик жарышта бийлик талапкеринин негизги атаандашы болгон "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин 23-октябрда Бишкек-Москва авиакаттамы боюнча өлкөдөн чыгып кеткен. Анын фракциялаштары саясатчы Орусияга он күнгө дарыланууга кеткенин билдиришкен.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда Ош шаарындагы өзбек улутундагы шайлоочулар жашаган Он-Адыр аймагына барган учурда сүйлөгөн сөздөрү боюнча Бабанов конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча айыпталып, ага каршы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Бабанов Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген. Бирок БШКга мандатын тапшыруу боюнча арызын бере элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG