Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Казакстандын президенти Вашингтонго барат


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Вашингтонго расмий иш сапарын утурлай АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Назарбаевдин иш сапары учурунда карала турган маселелер, Борбор Азия өлкөлөрү менен Американын кызматташтыгындагы жаңы өңүттөр тууралуу сөз кылды. Уэллстин маалыматы боюнча, келерки аптада Вашингтондо Назарбаев менен Дональд Трамп жолугушуп, эки өлкөнүн ымаласын талкуулашат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен 16-январда Вашинтондо жолугарын Ак үй буга чейин да маалымдаган.

Ак үйдүн 9-январдагы билдирүүсүндө эки лидер “регионалдык коопсуздук жана экономикалык кызматташтык боюнча стратегиялык өнөктөштүктү өркүндөтүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашары” айтылган.

Казакстан 1-январдан тартып БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кыла баштады. (BCh)

XS
SM
MD
LG