Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:17

Жулиан Ассанж Эквадор атуулдугун алды


Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинин балконунда. 2017-жыл, май.
Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинин балконунда. 2017-жыл, май.

Айтылуу "WikiLeaks" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга Эквадор жарандыгы былтыр декабрда берилгени белгилүү болду. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги Эквадордун Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Бейшембиде Улуу Британия Ассанжга дипломатиялык макам берүү боюнча Эквадордун суранычынан баш тарткан.

Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашап келет. "Англиянын бийлиги Швецияга экстрадициялайт" деп кооптонгондуктан ал ушул өлкөдөн башпаанек сураган. "WikiLeaks" сайтынын негиздөөчүсүнө Швецияда зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Жулиан Ассанж швед бийлиги өзүн "жашыруун маалыматты жарыялаган" деп айыптаган АКШга өткөрүп бериши мүмкүн деп чочулап жатат.

Былтыр май айында Швеция Ассанжга карата зордуктоо фактысы боюнча тергөөнү токтоткон. Бирок Улуу Британия ал Эквадор элчилигинин аймагынан чыкса эле кармаларын айткан.

Австралиянын 45 жаштагы жараны Жулиан Ассанж "WikiLeaks" аркылуу АКШнын аскердик багыттагы 500 миң электрондук каттарын жарыялап, дүйнөгө аты чыккан.

XS
SM
MD
LG