Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Президент бул багытта бир топ иштер жасалганын, бирок социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн чаралары азыркы убакта системалуу боло элек экенин белгиледи.

“Өнүктүрүү программаларынын көпчүлүгү сектордук мүнөздө, көп учурда жергиликтүү өзгөчөлүк эске алынбайт. Калктуу конуштардын жана башка аймактык бирдиктердин инфраструктурасын пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн заманбап стандарттары бекитилген эмес. Мамлекеттик бийликтин борбордук органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы эриш-аркак байланыш системасы түзүлө элек” деп айтылат президенттин жарлыгында.

15-февралга чейин Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана иш-чаралардын тиешелүү планы бекитилмей болду.

Ага ылайык аймактарда чакан, орто ишкердикти колдоо, экспорт үчүн шарт түзүү, инвестиция тартуу, ирригацияны өнүктүрүү, 2023-жылга карата ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу, транспорттук тейлөөнү жакшыртуу, жергиликтүү маанидеги автожолдорду реконструкциялоо жана оңдоо, санарип инфраструктурасын, саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, 2024-жылга бардык облустук бириккен ооруканаларды реконструкциялоо жана кайра жабдуу, билим берүүнүн сапатын арттыруу жана спорттук борборлорду түзүү максаты коюлууда. (RK)

XS
SM
MD
LG