Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Түркиялык студент "Инстаграмдагы" видео тасмасы үчүн окуудан чыгарылды


"Манас" кыргыз-түрк университети.
"Манас" кыргыз-түрк университети.

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Өмер Йенер Интернетке жарыялаган шылдың видеосу үчүн окуудан чыгарылды. Бул тууралуу университеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Айзат Таласбаева "Азаттык" радиосуна кабарлады.

- Студент окуудан кайра орношо албай турган болуп, биротоло чыгарылды, - деди ал.

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин теология факультетинин 1-курсунун студенти Өмер Йенер жаңы жыл алдында "Инстаграмдагы" баракчасына Бишкекте Жаңы жылдын майрамдалышын шылдыңдаган сөздөрү менен видеотасма жарыялаган.

Окуу жайдын жетекчилиги Кыргыз-түрк "Манас" университети эл аралык макамда, Кыргызстан менен Түркиянын жана башка түрк тилдүү элдердин достугун, кызматташтыгын бекемдөө максатында түзүлгөнүн эске салып, студент жарыялаган тасма окуу жайдын багытына туура келбесин, тасманын мазмуну студенттин жеке пикири экенин билдирүүдө.

Кыргыз-түрк "Манас" университети 1995-жылы ачылган. Окуу жайды толугу менен түрк өкмөтү каржылайт. Учурда беш миңге чукул улан-кыз бекер билим алат жана алардын дээрлик басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары. (ZKo)

XS
SM
MD
LG