Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Иран: кагылышуудан өлгөндөрдүн саны 22ге жетти, 700дөйү камалды


Ирандагы нааразылык жүрүшү. 30-декабрь, 2017-жыл.
Ирандагы нааразылык жүрүшү. 30-декабрь, 2017-жыл.

Ирандагы соңку элдик толкундоолордон кийин кармалгандар “Кудай менен касташкандар” катары айыпталышып, өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Бул тууралуу Тегерандын ыңкылапчыл сотунун башчысы Муса Газанфарабади билдирди. Ал канча адам камалганын так айткан жок.

"Фардо радиосу" маалымдагандай, бир нече күндөн бери өлкөдө 700дөй киши камалды. Ирандын ички иштер минстринин орун басары камалгандардын 90% жаштар экенин белгиледи.

Мамлекеттик сыналгы каналдын билдиргенине караганда, өткөн түнкү кагылыштарда тогуз киши, анын ичинен алтоо полиция бекетинен курал уурдоого аракеттенген учурда мерт болду. Жалпысынан Иранда өкмөткө каршы акыркы беш күндөн бери өтүп жаткан демонстрациялар учурунда өмүрү кыйылгандардын расмий эмес саны 22ге жетти.

Тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан нааразылык демонстрациялары Ирандын экинчи ири шаары Мешхедде 28-декабрда башталган. Андан бери нааразылык иш-чаралары өлкөнүн ондогон шаарчалары менен шаарларын каптап, борбор шаар Тегерандын да бир нече бөлүктөрүнө жайылды.

XS
SM
MD
LG