Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Президент Жээнбеков жөлөкпул боюнча талаштуу мыйзамга кол койду


=
=

Президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жөлөк пулдар» жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары 27-декабрда кабыл алышкан.

"Мамлекеттик жөлөк пул" мыйзамына быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Анда 2018-жылы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү каралган.

Бирок өкмөт мыйзамдагы үч жашка чейинки балдарга 700 сомдон берүүнү жана үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө балдары 16 жашка чейин 500 сомдон жөлөкпул төлөө боюнча пункттарын үч айга артка жылдыруу боюнча сунуш берген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бул сунушту мыйзам күчүнө киргенден тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 30 миңге жакын балдар 2018-жылдын ичинде жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгып калары, ошондуктан аны изилдөө зарылдыгы келип чыкканы менен түшүндүргөн.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Аида Касымалиева өкмөттүн кадамын сынга алган. Коомчулукта "бул мыйзам бюджеттин абалына карабай, шайлоо алдында упай топтоо максатында кабыл алынган" деген пикирлер да айтылууда.

Мындай нааразылыктарга карабай парламентте өкмөттүн сунушу колдоо тапкан. Мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирет.

Бирок үч жашка чейинки балдарга 700 сомдон берүүнү жана үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө кошумча жөлөк пул төлөө артка жылдырылды.

Буга чейин Нарын шаарында "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды четке кагуу талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG