Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:08

Рыскулов: Дарыя боюндагы кендердин лицензиялары текшерилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дарыя жээктериндеги кендердин лицензиялары текшерилет. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, премьер-министрдин тапшырмасынын негизинде комитет тиешелүү иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен баштады.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү дарыялардын жээктеринде кен казууга лицензия берүүгө тыюу салууну тапшырган. Мындай тапшырма экологияны сактоо жана табигый кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт. Өкмөт башчынын тапшырмасынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция дарыя жээктериндеги жана көлмөлөрдөгү коркунучтуу участкаларды аныктап, анын жыйынтыгын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине сунуш кылат.(BkA)

XS
SM
MD
LG