Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Пакистанда Беназир Бхуттону эскеришти


Беназир Бхуттонун 2007-жылдын 27-декабрында шайлоо митинги алдындагы акыры сүрөтү.
Беназир Бхуттонун 2007-жылдын 27-декабрында шайлоо митинги алдындагы акыры сүрөтү.

Мурдагы премьер-министрдин киши колдуу болгон күндүн он жылдыгына байланыштуу аны эскерүү жөрөлгөсү Беназир Бхуттонун кабыры жана күмбөзү жайгашкан Синд провинциясында өттү. Иш-чарага 20 миңдей адам катышты.

Пакистандын алгачкы аял премьер-министри 2007-жылдын 27-декабрында армиянын баш кеңселери жайгашкан Равалпинди шаарында жанкечтинин ок атып, бомба жардыруусунан мерт болгон. Анын өлтүрүлүшү үчүн али эч ким соттоло элек.

Бхутто Пакистанды 1988-90, 1993-96-жылдары башкарган жана өлтүрүлөөр алдында бийликке кайтып келүү үчүн шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жаткан.

Быйыл августта Пакистандын антитеррордук соту мурдагы президент жана аскерий башкаруучу Первез Мушарафты Бхуттонун өлүмүнө тиешеси бар деп жарыялаган. Мушараф өзү мындай ырастоолорду кескин түрдө четке каккан. Президенттиктен 2008-жылы импичмент коркунучунан улам чегинүүгө аргасыз болгон Мушараф азыр Пакистанда эмес, четте бозгунда жашайт.

Улуттар уюму 2010-жылкы баяндамасында Бхуттонун коопсуздугун камсыздай албаганы үчүн жоопкерчиликти Мушарафтын администрациясына жүктөп, анын өмүрүнө кол салууну алдын алууга мүмкүнчүлүк болгонун белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG