Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Мурдагы коргоо министри сот чечимине макул эмес


Таалайбек Өмүралиев.
Таалайбек Өмүралиев.

Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылат. Бул тууралуу анын жактоочусу Юлия Богданова “Азаттыкка” билдирди.

- Эмнеге бир берене боюнча толук акталып, экинчиси боюнча күнөөлүү деп табылганы мага түшүнүксүз. Биз Таалайбек Өмүралиев күнөөсүз экенине ишенебиз жана соттун өкүмүнө каршы доо арыз менен кайрылабыз.

Юлия Богданова учурда Таалайбек Өмүралиев Кыргызстанда экенин жана соттук жараяндарга өзү келип катышып жүргөнүн кошумчалады.

Биринчи Май райондук соту Өмүралиевге тагылган "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" (305) беренеси боюнча актап, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304) беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, генерал-майор наамынан ажыратып, 5 млн. сом айып салган. (UEz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG