Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Аббас: Палестина АКШнын бир да тынчтык планын кабыл албайт


Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас, Париж, 22-декабрь, 2017-жыл.
Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас, Париж, 22-декабрь, 2017-жыл.

Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас палестин эли Жакынкы Чыгыш боюнча АКШнын сунуш кылган бир да тынчтык планын кабыл албай турганын айтты.

Ал 22-декабрда Парижде француз президенти Эммануэл Макрон менен жолуккандан кийин: "АКШ тынчтык жараяндарында чынчыл арачы эмес экенин көрсөттү. Биз мындан ары АКШнын бир да планына макул болбойбуз", деп билдирди.

Президент Доналд Трамп АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааный турганын жана Тел-Авивдеги америка элчилигин ушул байыркы шаарга көчүрөөрүн жарыялаган. Бул окуя араб жана мусулман өлкөлөрүн катуу нааразы кылган.

Бир күн мурда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясы Трамптын бул чечимин четке каккан резолюцияны жактырды.

Израил Иерусалимди өзүнүн борбору деп санаса, Палестина шаардын чыгыш тарабын өзүнүн болочок башкалаасы деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG