Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Карабеков менен "24.kg" сайты боюнча райсоттун чечими күчүндө калды


Кабай Карабеков.
Кабай Карабеков.

Бишкек шаардык соту журналист Кабай Карабеков менен "24.kg" сайтын 10 миллион сомдук доого жыгуу боюнча Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Карабеков 22-декабрдагы сот отуруму 10 мүнөткө созулганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Соттолгон тараптар ар бири президент Жээнбековго 5 миллион сомдон төлөшү керек. Алар эми Жогорку сотко кайрылышмакчы.

11-сентябрда "24.kg" сайтында Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы чыккан. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган "Социалдык реформалар коому" менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Ал кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп сотко кайрылган. Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен "24.kg" агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту алардын талабын канааттандырган.

Макала Жээнбековдун БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн талабы менен "24.kg" сайтынан алынган.

XS
SM
MD
LG