Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Калилов: Балыкчы-Корумду жолун кургандардын айлыгына акча которулат


Балыкчы-Корумду жолунун курулушунан тартылган сүрөт. 28-июль, 2016-жыл.
Балыкчы-Корумду жолунун курулушунан тартылган сүрөт. 28-июль, 2016-жыл.

Балыкчы-Корумду жолун курган жумушчулардын айлыгы үчүн каражат эртең, 22-декабарда которулат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал буга байланыштуу Каржы министрлиги менен сүйлөшүлгөнүн кошумчалады.

- Каржы министрлиги менен сүйлөшүп, маселени чечтик. Биз аны өзүбүздүн капиталдык салымдарга бөлүнгөн акчанын эсебинен беребиз. "4-5 айдан бери бербей жатат" деп жалдануучу компания туура эмес маалымат берип жатат. Бул ошол компаниянын өз күнөөсү. Биз соңку чек арадагы кырдаалга байланыштуу 1,5 сертификат кечигип калдык. Олуттуу эл аралык келишимди утуп келген фирма ушундай кырдаалдарда акчаны өз ички булагынан төлөп берип турат. Булардын андай мүмкүнчүлүгу жок, биз акча берсек иштейт, бербесек жок.

Калиловдун маалыматына караганда, жумушчулардын айлыгы үчүн 78 млн. сом которулганы жатат. Бул каражат министрликтин алдындагы Жол департаментинин көзөмөлү алдында тапшырылат.

Буга чейин жумушчулар кыргыз өкмөтү жолду салган “Лонг Хай” кытай компаниясына карыз болуп калгандыгы үчүн беш айдан бери айлык албай жатышканын маалымат жыйынында айтып чыгышкан. Алар 15-декабрдан бери жолду куруу токтотулганын, жумушчулар акча которулганга чейин эс алууга жөнөтүлгөнүн белгилешкен.

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолу 2015-жылы салына баштаган. Бул иш чыр менен коштолуп, тендерде каржы булактары каралбай калганы айтылган. Бул жол чырынан улам мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кызматынан кеткен эле.

Балыкчы-Корумду жолунун узундугу 104 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард сом каражат сарпталары айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG