Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Депутаттар өкмөттүн кадр саясатын сынга алышты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин карап жаткан учурда айрым депутаттар өкмөттүн, бийликтин кадр саясатын сынга алышты. Эл өкүлү Жанар Акаев кыргыз өкмөтүнүн тарыхында кадрларды мындай тез алмаштырган өкмөт болбогонун белгиледи.

- Кыргыз өкмөтүнүн тарыхында кадрларга мындай жоопкерчиликсиз мамиле кылган өкмөт башчылар болбосо керек. Ай сайын аны бул жакка, кайра тигил жакка коюп жатат. Өкмөт башчы 100 күндүк ишмердүүлүгүндө “бул убакыт өкмөттүн иши менен таанышууга кетти” деп интервью берип жатат. Алар өкмөткө даяр болуп барышы керек да! Өзүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” деген программасы бар, анын бирөө дагы ишке аша элек. Өздөрүн "жаш реформатор" деп атап, азыр алардын бирөө дагы жанында калган жок.

Ушундай эле сынды “Республика – Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Курманкул Зулушев, КСДПдан Рыскенлди Момбеков айтып, мамлекеттик кызматты оюнчукка айлантпаш керек экенин белгилешти.

Депутаттар буга мисал катары соңку эки айда Толкунбек Абдыгуловдун, Дүйшөнбек Зилалиев, Кубанычбек Кулматовдун эки-үч жолу орун которгонун мисал келтиришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG