Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Шыкмаматов: эл талашып окуй турган китеп жазам


Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов соттун өкүмүнө байланыштуу “Азаттык” радиосуна пикирин айтты. Ал соттун өкүмүнө макул эмес экенин, акырына чейин күрөшө турганын, эгер мандаттан ажыраса, Кыргызстандагы коррупция жөнүндө китеп жаза турганын билдирди.

- Мен шаардык сотко, Жогорку Сотко, эл аралык сотторго кайрылам. Мен булар менен өмүрүмдүн акырына чейин күрөшөм. Кеп мандатта эмес, мен мандаттан ажырап эле саясаттан четтеп калмак белем. Мен көчөдө жүрүп деле саясатта болом. Азыр трибунада эле эмес, атуул катары деле өз позицияңды билдирсең болот. Эгер мандаттан ажыратса эл талашып окуй турган, Кыргызстандагы коррупция, уурдалган революция жөнүндө аттарын атап, далилдери менен, аттарын атап китеп жазам.

Адвокат Чынара Жакупбекованын маалыматы боюнча Шыкмаматовдун депутаттык мандатын алууп-албоо маселеси Бишкек шаардык сотунун чечимине байланыштуу болот.

Биринчи Май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовду 5 млн. сом айыпка жыккан. Аны менен кошо соттолуп жаткан Германиянын жараны, "Барат-Юкс" ишканасынын жетекчиси Али Юксел кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен толук бошотулду. Экөө тең эркиндикте калды. Ал эми мурдагы депутат Жусуп Иманалиевди сот үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратты.

13-декабрдагы отурумда прокуратура Шыкмаматовду сегиз жылга камап, мүлкүн конфискациялоону сураган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык "Мерседес-Бенц" Е320 автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы" айтылат. Германиянын жараны Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатыш үчүн тендерге катышкан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG