Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Нарында он чакты аял ачкачылык жарыялады


Нарында ачкачылык жарыялаган аялдар.
Нарында ачкачылык жарыялаган аялдар.

Нарын облустук администрациясынын алдында бүгүн онго жакын аял жөлөкпулдар боюнча жаңы мыйзамга каршы ачкачылык жарыялап турат. Алар балдары үч жаштан өткөн адамдардын жөлөкпул алуу тартибин туура эмес деп эсептешет. "Бийлик талабыбызды угуп, мыйзамды артка кайтармайынча ачкачылыкты токтотпойбуз" дешет чогулгандар.

Тургундардын нааразылыгын Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов угуп, тиешелүү кайрылуу менен өкмөткө билдирерин айтты.

Буга чейин 50дөй киши облустук акимчиликтин алдына ушундай эле талап менен эки жолу нааразычылык акциясына чыгышкан.

Жаңы жылдан тартып Кыргызстанда «балага сүйүнчү» бала төрөлгөндө бир жолу, «балага жөлөкпул» үч жашка чейинки баланы багууга ай сайын, «үй-бүлөгө көмөк» 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жана «социалдык жөлөкпул» пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ай сайын төлөнүп берилет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, парламент депутаты Аида Касымалиева буга чейин "Азаттыкка" жаңы төрөлгөндө бардык балдарга 4 миң сом сүйүнчү, үч жашка чейин балдар ай сайын 700 сом, үчтөн көп баласы бар үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерилип жатканын айткан. (MiK)

XS
SM
MD
LG