Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:31

Европанын улутчул партиялары Прагада конгресс уюштурду


Чехиялык улутчул Томио Окамура
Чехиялык улутчул Томио Окамура

Европарламенттин “Улуттук жана эркиндиктин Европасы” фракциясынын Прагадагы конгрессинде Франциянын ашкере оңчул “Улуттук фронт” партиясынын лидери Марин Ле Пен сөз сүйлөдү. Ал Евробиримдиктин учурдагы саясаты улуттук өлкөлөрдүн жоголушуна алып баратканын айтты.

Прага конгрессинин катышуучулары Европадагы иммиграция саясатын сынга алышты. Нидерландиянын Эркиндик партиясынын лидери Герт Вилдерс миграция маселесинде чехтер өз дарбазасын бекем жаап алып туура кылганын билдирди.

Ал Венгрия, Польшанын мигранттарды кабыл албай койгон турумун кубаттаса, чехиялык улутчул, “Эркиндик жана түз демократия” партиясынын лидери Томио Окамура Европаны мусулман колонизациясы басып келе жатканына тынчсызданды.

Прагадагы оңчулдардын жолугушуусу күчөтүлгөн коопсуздуктун коштоосунда өттү.

Чехия Евробиримдиктеги интеграцияга токтоолук менен мамиле кылган өлкөлөрдүн катарына кирет. Октябрда өткөн шайлоодо Чехиянын ашкере радикалдуу партиясы парламенттеги 200 орундун ичинен 22 мандат алганга жетишти. Ушул жылдын май айындагы сурамжылоо учурунда Чехиянын жарандарынын үчтөн бири Евробиримдикти жактыра бербегени аныкталган жана бул Европа өлкөлөрүндөгү эң начар көрсөткүч. (SDz)

XS
SM
MD
LG