Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Казакстан Кытайдагы казактардын көйгөйүнө кийлигишпейт


Ардак Мадиев
Ардак Мадиев

14-декабрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги көчүп келип жарандык алган казактардын "Кытайдагы туугандарыбыз куугунтукталып, негизсиз камалып жатат" деген даттанууларына жооп кайтарды.

- Аларда көйгөй жок эмес, бар. Жагдайга көз салып жатабыз. Бардык маселени кеңешип чечүү кажет жана андай жумушту аткардык. Кытай менен карым-катнашыбыз өтө жакшы. Бирок, Вена конвенциясына ылайык, өзгө элдин юрисдикциясына кийлигише албайбыз, - деди министрликтин консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Ардак Мадиев.

7-декабрда Казакстандын жарандыгын алган кытайлык казактар Астанада жыйын өткөрүп, маселени чечүүнү бийликтен өтүнүшкөн. Мадиев алардын даттанууларын алышканын белгиледи.

Кытайда казактар кысым көрүп жатканы тууралуу алгачкы кабар быйыл жазында чыккан.

Мурдараак Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Ханьхуэй Шинжаң-Уйгур автономдук районунда "мыйзамсыз иштер болгонун" моюнга алган.

XS
SM
MD
LG