Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Ырчы Мурадил Сагыналиев мезгилсиз дүйнөдөн өттү


Ырчы Мурадил Сагыналиев.
Ырчы Мурадил Сагыналиев.

Токтогул атындагы улуттук филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлар" тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Мурадил Сагыналиев мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Учурда ырчынын сөөгү шаардык моргго өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн алынып кетти. Бул маалыматты өнөрпоздун кесиптештери “Азаттыкка” ырасташты.

Ырчы Кенже Көбөкованын айтымында, Сагыналиев кечээ абалы начарлап, Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборго түшүп, бирок абалы оңолгон эмес. Жакындары буга чейин ырчынын уйку бези ооруп жүргөнүн, былтыр операция болгонун айтышкан.

Президенттин ардак грамотасынын ээси, Ырысбай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты Мурадил Сагыналиев 6-ноября 1972-жылы Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. Маркумдун артында артында эки баласы калды.

Маркум Мурадил Сагыналиев элдик ырларды аткарып келген. (ZA)

XS
SM
MD
LG