Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

ИИМге доомат: илинчек таппаган иликтөө


Иллюстрация
Иллюстрация

ИИМ Бишкектеги ири "Дордой" базарында, анын тегерегиндеги конуштарда коомдук коопсуздукту караган милиция кызматкерлеринин даттанышы тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

Ага чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 11-бөлүмчөсүнүн кызматкерлери министрдин орун басары Данияр Абдыкаров менен Бишкек милициясынын жетекчисинин орун басары Мирлан Муктаров опузалап акча талап кылып жатканына байланыштуу арызданганын жазып чыгышкан.

Буга чейин дагы Данияр Абдыкаровго байланыштуу нааразы пикирлер айтылган эле. ИИМ анын баарын негизсиз деп билдирген.

"Милиция кызматкерлери арызданды" деген маалымат боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттык" радиосуна комментарий берди.

Анын айтымында, териштирүүдө "министрдин орун басары Данияр Абдыкаров жана шаардык милициянын жетекчиcинин орун басары Мирлан Муктаров айрым милиция кызматкерлерин “каттоого турууга” мажбурлап, болбосо кызматтан бошотуларын айтып опузалаган" деген маалымат такталган жок.

Оморов сөз болуп жаткан Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу 11-милициянын шаардык бөлүмчөсү 7-бөлүмчө болуп өзгөргөнүн белгиледи:

- Ал ГОМ (милициянын шаардык бөлүмү) боюнча деген жалган маалымат болуп чыкты. Бул ГОМдун номери 7 болуп өзгөргөн. Мурда "Дордой" базарынын ичиндеги кылмыштарды, коомдук коопсуздукту эле карап турчу да. Базардын тегерегинде жаңы конуштар көбөйүп, аны көзөмөлдөө үчүн 7-ГОМ чоңойтулган. Биз ал жактагы кызматкерлердин баарын чакырып келдик. Мен өзүм чакырып: "Балдар, кимиңер кайрылдыңар?" деп сурадым. Алар кайрылбаганын, эч жерде андай болбогонун айтышты. "Бизди эч ким коркутуп, пара сурап, "акча чогулткула" деген эмес, бул чындыкка жатпайт" дешти.

Арызда аты аталды деген Данияр Абдыкаров менен Мирлан Муктаров үн ката элек. Ички иштер министрлиги да комментарий берген жок. Министрликтин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев сөз болуп жаткан маалымат каралоо болушу мүмкүн экенин билдирди:

- Биринчиден, бул биздин компетенцияга кирбейт. Экинчиден, эгер ошондой болсо бизде Өздүк коопсуздук кызматы деген бар. Ошолор көзөмөлдөшү керек. Мен ушакка ишенбейм. Материалды окуп, карап, анан гана айтса болот. "Бул минтип айтты, тиги тигинтип айтты" дегенге каршымын. "Бул муну, тиги тигини "калкалайт" экен" деген көрө албастар жок эмес.

Деген менен милиция кызматкерлеринин жетекчилиги боюнча арызын ИИМдин өзү текшеришин туура көрбөгөндөр бар.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, милициянын полковниги Айбек Нусубалиев ар кандай күдүк ойлор жаралбашы үчүн айтылган дооматтарды эч кайсы тарапка тартпаган комиссия иликтеп, арызданган кызматкерлерди коргоо кепилдиги болушу керек деп эсептейт.

- Эми мунун чындыгына жетүү үчүн ИИМдики эмес, өз алдынча иликтөө болушу керек. Анан өзүңүз ойлосоңуз, иштеп жаткан кызматкерлерди ИИМге чакырса, алар "ооба, ошондой болуп жатат" же "жок" деп чындыкты айтмак беле? Алар жетекчиге баш ийген адамдар да. Мындай жол менен чындыкты, акыйкаттыкты билүү мүмкүн эмес. Билиш үчүн адегенде алардын кызмат орундарынын коопсуздугу камсыз болушу керек. Аларды коргоо боюнча алдын ала чара көрүлүшү зарыл. Коопсуз кызмат өтөшүнө кепилдик болушу керек. Ошондо гана чындыкка жетсе болот. Анан ал киши ИИМдеги жогорку кызматта отурган адам болсо, кантин анан ага каршы арызы бар экенин айтышат? Кызматкерлер чындыкты айткандан кийин анын артынан куугунтук болбой турганына көзү жеткенден кийин гана мүмкүн бул киши ак, же кара деп айтса болот.

Бул окуя күч органдарындагы коррупция боюнча талкууну козгоду. “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаевдин пикиринде, кыргыз милициясында паракорчулукка түрткөн жагдайлар, кызматкерлерден жетечилер акча тооруган көрүнүштөр жоюла элек:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

- ИИМде коррупция бар экенин элдин баары эле билет да. Паракорчулук бар болгондон кийин мындай көрүнүштөргө абдан көп шарт түзүлгөн. Жумушка да же акчанын, же тааныштын күчү менен орношкон учурлар болуп жатат. Министр же жетекчилер алмашкан сайын жөнөкөй кызматкерлер өз ордун алып калыш үчүн ар кандай акча топтошу мүмкүн, болбосо баягы эле тааныш-билиштерин салышы мүмкүн. Биздин ИИМ системасы өзү туура эмес түзүлүп калган. Милициянын жетекчилери жумушка орношуу үчүн акча берет, кайра ошол акчаны топтоп алуу үчүн өз кызматкерлеринен же жарандардан чогултушат. Ошондуктан мындай көрүнүш болгонуна көбүрөөк ишенем.

Буга чейин ИИМдеги кадр саясаты, жеке курамдагы кээ бир жагдайлар боюнча айрым кызматкерлер өлкө жетекчилигине бир канча жолу кайрылып, арызданган. Анда дагы ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун аты айтылган. ИИМдин басма сөз кызматы министрдин орун басары боюнча дооматтарды четке каккан эле.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кетерде ички иштер министри Улан Исраиловго жана анын орун басары Данияр Абдыкаровго генерал-майор наамын ыйгарган жайы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG