Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Жогорку Соттун Текебаев боюнча чечими адвокаттын колуна эки жумадан кийин тийди


Текебаевдин адвокаттары ага карата Жогорку Сот чыгарган чечимди колуна алышты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, чечимди Жогорку Сот 8-декабрда берди.

Бул чечимди эл аралык органдарга кайрылыш үчүн ала албай жатышканын адвокаттар буга чейин айтып жүрүшкөн болчу.

Адвокат Канат Хасанов “Өкүм окулары менен эле берилиши керек болчу. Бул одоно мыйзам бузуу. Чечимди алсак, Өмүрбек Чиркешович менен кеңешип, эл аралык сотторго кайрылуу иштерин баштамакпыз” деп “Азаттыкка” 5-декабрда билдирген.

21-ноябрда Жогорку Соттун соттук коллегиясы Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин өзгөртүүсүз калтырган. Адвокаттардын айтымында, мыйзам боюнча бул документ соттолуучу тараптын колуна он жумуш күн аралыгында тийиши керек болчу.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Орусиянын жаранынан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү боюнча чечим чыгарган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Октябрдын ортосунда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка жаза өтөөгө жиберилген. 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Анткен менен саясатчылар сот чечимдери саясий буйрук экенин, өздөрү ак экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG