Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Саакашвили: Украинага төңкөрүштүн кереги жок


Михаил Саакашвили жана Юлия Тимошенко сот залынан көрүшүүдө
Михаил Саакашвили жана Юлия Тимошенко сот залынан көрүшүүдө

11-декабрда Киевдеги сот залынан чыгып баратып Михаил Саакашвили буга чейинки иштерин уланта берерин, башка да саясий күчтөр менен биригүү тилегин билдирди.

- Мен эскалацияны каалабайм, бизге конфронтация кереги жок. Эч кимге чабуул коюу зарыл эмес. Албетте бизге эч кандай төңкөрүштүн да кереги жок. Биз аларды (бийликти - ред.) бардык зарыл мыйзамдарды кабылдап, Украинада конституциялык, тынч, бирок өтө маанилүү жана зарыл бийлик алмашуусуна даярданууга мажбурлашыбыз керек. Болгону ушул, - деди Саакашвили.

Украина соту оппозициялык "Жаңы күчтөрдүн руху” кыймылынын лидери, Грузия менен Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвилини сот залынан бошоткон.

Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Украина бийлиги аны "мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын кылмыштарын жашырган" деп айыптап жатат. Саакашвили бул дооматтарды четке кагууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG