Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Ирак ИМ тобунун жоочуларынан бошотулганы кабарланды


Ирак "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун согушкерлерин толугу менен жеңгенин, үч жылдан бери алар ээлик кылган бир топ аймак тазаланганын жарыялады.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади 9-декабрда өлкө толугу менен эркин экенин айтты:

- Душмандарыбыз биздин цивилизацияны жок кылгысы келген. Бирок аларды биримдик жана өжөрлүк менен жеңдик.

Ирактын түндүгү менен батышындагы ири аймактарды же өлкөнүн үчтөн бирине жакын бөлүгүн “Ислам мамлекети” тобунан бошотуу аракеттери үч жылдан ашуун убакытка созулду.

Согушкерлер Ирактын экинчи ири шаары - Мосулду 2014-жылдын жайында ээлеп алып, башкалаа Багдадды карай да жыла баштаган болчу.

АКШ баштаган коалиция Иракта ИМ тобуна 2014-жылдын аягынан тартып абадан сокку ура баштаган.

Мосул шаары бир нече айга созулган операциядан кийин быйыл июлда бошотулган.

XS
SM
MD
LG