Президент Дональд Трамп бул тууралуу 6-декабрда Ак үйдөн атайын билдирүү жасап жатып жарыялады.
Анын жарыясы Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжалга карата жаңыча мамиле экенин белгилеген АКШ президенти төмөнкүлөргө токтолду:
- Мен Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турган мезгил жетти деп чечтим. Мурдагы президенттер муну шайлоо өнөктүгүндөгү чоң убадага айлантышканы менен ишке ашырбай келишкен. Мен бүгүн ушуну аткарып жатам. Мен бул багыттагы аракеттер Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына эң жакшы жооп берет жана Израил менен Палестинанын ортосундагы тынчтыкка умтулуу деген бүтүмгө келдим.
Президент Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШнын элчилигин эми Тел-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялады.
Ошондой эле анын чечими АКШнын Израил менен Палестина ортосундагы “бекем тынчтык келишимди тездетүү боюнча милдеттенмесинен” чегинүү эмес экенин, эки тарапка тең алгылыктуу тынчтык келишимге жетиш үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын билдирди.
АКШ Конгресси өлкөнүн элчилигин Иерусалим шаарына көчүрүп, бул шаарды Израилдин борбору катары таанууга жол ачкан мыйзамды 1995-жылы эле кабыл алган. Бирок андан бери АКШнын президенттери бул мыйзамдын аткарылышын алты ай сайын улам атайын документке кол коюу менен кийинкиге калтырып келишкен.
Эми президент Трамптын Иерусалимдин толугу менен өз борбору катары санаган Израилди колдошу - АКШнын көптөн берки саясатынын кайра каралышы.
Буга чейинки саясатка ылайык, Иерусалимдин макамы Израил менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек эле.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын билдирүүсүн “тарыхый” деп баалап, башка мамлекеттерди да АКШнын жолун жолдоого үндөдү. Бирок Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трамптын кадамын “өкүнүчтүү” десе, Түркиянын тышкы иштер министрлиги аны “жоопкерчиликсиз” деп айыптады.
Мурдараак Палестинанын жана араб мамлекетттеринин лидерлери, АКШнын айрым салмактуу өнөктөштөрү да Трампка анын кадамы бүткүл Жакынкы Чыгышта кыянатчылыктарга алып келиши мүмкүн экендигин жана тынчтык жараяны татаалдаша тургандыгын эскертишкен. Маселен, британ премьер-министри Тереза Мэй 6-декабрда парламентте Британиянын пикири өзгөрбөгөнүн, Иерусалимдин макамын Израил менен Палестина өз ара сүйлөшүп чечиши керек экенин белгиледи.
Иерусалим боюнча бир тараптуу чарага Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш каршы экенин анын басма сөз өкүлү маалымдады.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Трамптын күтүлүп жаткан чечимине каршылык билдирип, 13-декабрга Ислам Кызматташтык Уюмунун атайын саммитин чакырган.
Ирандын президенти Хасан Роухани Трамптын планын “туура эмес, мыйзамсыз, чагымчыл, өтө опурталдуу” деп атап, мусулмандарды "бул ири кутумга чогуу каршы турууга” чакырган.
Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын өкүлү Набил Абу Рдене Иерусалимдин Израилдин борбору катары таанылышы алар үчүн “алгылыксыз” экендигин айтып, бул “тынчтык жараянын татаалдантып, ага тоскоолдук жаратарына” токтолгон.
АКШны Иерусалимдин макамын өзгөртүүдөн баш тартууга Египеттин президенти Абдел Фатах ал-Сиси да үндөгөн. Мындай чакырык ал-Сиси менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылганын египет тарап кабарлады.
Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талуу маселеси.
Палестиндер Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Израил болсо Чыгыш Иерусалимди аннексиялап, мусулмандардын, христиандардын, жөөттөрдүн да ыйык жайлары орун алган шаардын баарын өзүнүн борбору катары жарыялаган. Бирок анын бул кадамын эл аралык коомчулук тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн көбүнүн элчиликтери Тел-Авивде жайгашкан. (UE)