Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Милиция: Чубак Жалилов экинчиси сүйүктүү, биринчиси расмий жубай экенин айтты


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бүгүн мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун суракка алынышы боюнча маалымат таратты. Милициянын маалыматы Ички иштер министрлигинин сайтына жайгаштырылды. Анда Чубак Жалилов шаардык милицияга биринчи аялы менен ажырашпай туруп, экинчи аял алганы боюнча жарыясынын чоо-жайын териштириш үчүн чакырылганы жазылган.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Чубак Жалилов коомдо сөз болуп жаткан аялды сүйүктүүм деп эсептей турганын, аны менен расмий да, жарандык да никеде эмес экенин, ал эми чогуу балдары бар болгон жалгыз аял расмий жубайы экенин айтты. Жалилов өз сөзүндө Кыргызстандын мыйзамдарын бузбаганын билдирди. Учурда ар тараптуу текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында кошумча кабар берилет" - деп жазылган ИИМдин сайтында.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Чубак Жалиловду бүгүн экинчи жолу суракка чакырган. Буга чейин мурдагы муфтийдин жактоочусу Акин Токталиев ергөөчүлөр андан “экинчи аял алдым деген маалымат жалган деп айтып кой” деп талап кылып жатышат" деп билдирген.

Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу видеосу өткөн жумада Интернетке тараган. Ал белгисиз кишинин кат аркылуу берилген суроосуна "Мен үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга анын укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм", - деп жарыялаган болчу.

Мындан кийин Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар анын айткандарын текшерип, укуктук баа берүүнү талап кылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG