Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Рим папасы рохинжаларды көрүп ыйлаганын айтты


Рим папасы Франциск Бангладештеги рохинжа мусулмандарынын кейиштүү абалын көрүп ыйлаганын айтты. Ал Мьянма бийлигин диний азчылыктын укугун коргоого үндөгөн. “Алардын аянычтуу абалын көрүп ыйладым. Жакшы эле билгизбейин дегем, мени көрүп алар да ыйлашты”,- деди Рим папасы Бангладеш менен Мьянмадан кайтып келатып.

Франциск рохинжа мусулмандарын коргоп келет. Бангладештин борбору Даккада папа Франциск рохинжа мусулмандарынын 16 өкүлү менен жолугуп, алардын окуяларын уккан. Ага чейин ал Мьяманын өзүндө да болгон.

Быйыл август айынан бери Мьянмадан Бангладешке 620 миңдей рохинжа мусулман качып келген. Улуттар Уюмунун жана АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды “этностук тазалоо” катары мүнөздөшкөн. Мьянманын аскердик жетекчилиги "жайкын тургандарды атайылап бутага алды" деген дооматтарды четке кагып, Ракхай штатындагы коопсуздук операцияларына рохинжа мусулмандарынан чыккан жоочулардын чабуулдары себеп болгонун айтып келет.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт.

XS
SM
MD
LG