Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:01

Медиа: Ак үйдүн Тиллерсонду кызматтан кетирүү планы бар


Мамлекеттик катчы Рекси Тиллерсон жана Борбордук Чалгын кызматынын башчысы Майк Помпео.
Мамлекеттик катчы Рекси Тиллерсон жана Борбордук Чалгын кызматынын башчысы Майк Помпео.

Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, Ак үй мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан кетирүү планын даярдап жатат жана анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Майк Помпеону дайындоону көздөөдө.

The New York Times басылмасы Ак үйдөгү жогорку даражалуу аткаминерге шилтеме жасоо менен президент Трамптын администрациясы бул тууралуу жакынкы жумаларда жарыяларын жазды.

The Associated Press, Reuters, Vanity Fair басылмалары да өз булактарына таянып Тиллерсондун кызматтан кетиши мүмкүн экенин кабарлашты.

"Таймс" Чалгын кызматынын жетекчилигине республикачыл-сенатор Том Коттон келиши ыктымал деп жазып жиберди. Анткен менен басылма Ак үйдүн бул планын Трамп жактырган-жактырбаганын тактаган эмес. АКШ президентинин администрациясы болсо маалыматты ырастаган жок.

Америкалык медиа кабарлаганына караганда президент Трамп Exxon Mobil Corp энергетикалык компаниясынын мурдагы аткаруучу директору, буга чейин дипломатиялык тажрыйбасы болбогон Тиллерсонго ишенимин жоготкон.

Президент жана мамлекеттик катчы эл аралык маселелер боюнча карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жасап келишкени маалым. Тиллерсон ошондой эле демократтар жана айрым республикачылар тарабынан АКШ дипломатиясын алсыздатканы үчүн сынга кабылып келген.

XS
SM
MD
LG