Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Трамп: Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды колдонобуз


АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяга каршы “кошумча санкциялар” киргизилээрин 29-ноябрда билдирди. Анын алдында Пхеньян континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынаган эле.

“Мен азыр эле Кытайдын президенти Си Цзинпин менен Түндүк Кореянын провокациялык аракетин сүйлөштүм. Түндүк Кореяга каршы кошумча олуттуу санкциялар бүгүн киргизилет. Кырдаалды жөнгө салабыз” – деп жазды Трамп Твиттерге.

Ак Үйдүн маалыматы боюнча телефон сүйлөшүүсүндө Трамп Кошмо Штаттар “өзүн жана өнөктөштөрүн коргоого чечкиндүүлүгүн” так айтты.

Президент Кытай Түндүк Кореянын чагымчыл аракеттерин токтоттуруу үчүн колундагы бардык механизмдерди пайдаланууга тийиш деп белгиледи.

Ал эми Кытайдын Синхуа агенттиги президент Си Цзинпин америкалык мамлекет башчыга Түндүк-Чыгыш Азияда тынчтыкты сактоо жана Корея жарым аралын ядролук куралдан бош кармоо Бээжиндин максаты экенин айтканын билдирди. Кытай Пхеньяндын негизги өнөктөшү.

Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы "Хвасон 15" ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн шаршемби күнү жарыялаган.

Расмий маалыматка ылайык, континенттер аралык ракета 53 мүнөттө миң чакырымдай аралыкты басып өтүп, Жапон деңизине түшкөн. Пхеньян аны "эң кубаттуу" ракета деп мүнөздөп, ал АКШга жете алат деп ишендирип жатат. Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузган бул кадамды эл аралык коомчулук катуу айыптады.

XS
SM
MD
LG