Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

Парламент келерки жылдын республикалык бюджетин кабыл алды


Жогорку Кеңеш бүгүн келерки жылдын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи жана үчүнчү окууда жактырып, кабыл алды.

Премьер-министр Сапар Исаков бюджеттин негизги багыттары боюнча маалымат берди.

Айрым депутаттар долбоордо алдыга карай орчундуу кадамдар каралбаганын сынга алышты. Өкмөт башчы бюджет этияттык менен түзүлүп жатканын билдирди:

- Биз этияттык менен кабыл алып жатабыз. Биздин божомолдор ишке ашса бир топ киреше болот. Бирок бул үчүн дагы башка мыйзамдар керек. Ошолорду алып келгенде силер колдоп берсеңер алдыга карай секирик жасай алабыз.

2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешеси 140 млрд. 882 млн. сом көлөмүндө каралып жатат. Бул ички дүӊ өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөт. Ал эми тартыштык 20 млрд. 267 млн. сом өлчөмүндө болот деп болжолдонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG