Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Кыргызстан "Open Government Partnership" уюмуна кирет


Бишкектеги Өкмөт Үйү.
Бишкектеги Өкмөт Үйү.

Кыргыз өкмөтү «Ачык өкмөт» ("Open Government Partnership") эл аралык уюмуна кирүүгө аракет кылып жатат. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштеле баштаганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн премьер-министр Сапар Исаков жумушчу жыйын өткөрүп, ушул маселени талкуулады. Долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, ага тиешелүү милдеттер жүктөлдү. Мамлекеттик каттоо кызматына мүмкүнчүлүгү чектелген 200дөн ашуун жаранды ишке тартуу менен мекемелердин архивдерин жана маалыматтарын санарипке өткөрүү боюнча тапшырма берилди.

Өкмөт бул долбоор ишкердик менен алектенүүнү жеңилдетип, инвестиция тартууга шарт түзөт деп эсептейт. Ал алгач пилоттук режимде сегиз министрлик менен мекеменин базасында сыналат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети билдиргендей, долбоордун алкагында маалыматтык органдардын материалдары жана архивдери санарипке өткөрүлөт.

"Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership", OGP) - 2011-жылы негизделген эл аралык уюм. Ал мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулук, жарандык көзөмөл болушун көздөйт. Уюмду сегиз мамлекет - АКШ, Улуу Британия, Бразилия, Норвегия, Индонезия, Мексика, Филиппин жана Түштүк Африка түптөгөн. Ага кошулууну каалаган өлкө "Ачык өкмөттүн" декларациясын кабыл алууга тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG