Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Орусия: Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө механизми жарабай калды


Сирияда атылган ракета, 19-ноябрь, 2017-жыл.
Сирияда атылган ракета, 19-ноябрь, 2017-жыл.

Орусия Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө механизми иштебей калды деп эсептейт.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя 22-ноябрда жасаган билдирүүдө Москва «жаңы механизм» иштеп чыгып жаткан Батыш өлкөлөрүнүн аракеттерине ачык экени айтылат. Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында иликтөөнү жандантуу маселеси каралган. Орусия буга чейин аны улантууну караган резолюцияларга вето коюп келген.

Буга чейинки териштирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү химиялык чабуул үчүн жоопкерчилик Сирия өкмөтүнө жүктөлөрүн көргөзгөн. Небензя Коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү колдогон иликтөө механизми ишенимден кетти деп санайт. АКШ жана өнөктөштөрү Москванын мындай позициясын күнөөнүн Дамаск өкмөтүнө жүктөлгөнүнөн көрүшөт.

Алты жылдык жарандык согушта Орусия Сирия өкмөтүнүн таламын талашып келет. Өткөн аптада Орусия териштирүүнү жүргүзгөн топтун мандатын узартууга жол ачкан эки резолюция долбооруна вето койгон.

Ушул жумада Швеция менен Уругвай сунуш кылган долбоорлорду добуш берүүгө чейин эле четке какты.

Британиянын элчиси Мэтью Райкрофт иликтөөнү улантууну жактагандар альтернативдүү жолду издеп жатышканын 21-ноябрда билдирди.

XS
SM
MD
LG