Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Текебаев абактан сотторго кайрылуу жолдоду


Текебаев менен Чотоновдун мурдагы соттук процесстеринде тартылган сүрөттөр.
Текебаев менен Чотоновдун мурдагы соттук процесстеринде тартылган сүрөттөр.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин түрмөдөн жазган каты бүгүн Жогорку Сотто анын акыркы сөзү катары окулду. Катты анын адвокаты Канат Хасанов окуп берди. Катта Текебаев Жогорку Соттун судьяларына кайрылып, кимдир бирөөнүн "малайына айланып" калбоо чакырган:

- Силердин чечим - тагдыр чечүүчү чечим. Сиздер Текебаевдин иши боюнча чечим чыгаруу менен элдин сотторго болгон ишенимин актайсыңар, же биротоло тебелеп жок кыласыңар. Текебаевдин иши - Кыргызстандын тарыхындагы эң чуулгандуу иш. Анын жүрүшүнө бүт коомчулук көз салып турат. Өзүңөрдүн Жогорку Соттун судьясы деген наамыңарга татыктуу болгула. Силер Конституцияга жана мыйзамга кызмат кыласыңар.

Жогорку Соттун соттук коллегиясы дээрлик бир сааттык кеңешмеден кийин Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган чечим кабыл алды.

Жогорку Сот 20-21-ноябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча адвокаттардын жана мамлекеттик айыптоонун көзөмөл арызын карады.

Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу чечим чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген.

Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Октябрдын ортосунда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG