Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:50

Салянова: Тергөө чала жүрүп атат


Аида Салянова (сүрөт Салянова башкы прокурор кезинде тартылган).
Аида Салянова (сүрөт Салянова башкы прокурор кезинде тартылган).

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова инисинин өлүмүнө саясий өңүт жок деп иликтөө бүтө электе айтуунун өзүн саясат катары санады.

Депутат “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында күч органдарынын жетекчилери чакырылса да келбегенине нааразы болуп, “Менин суроолорум жетекчилерге болчу. Кылмыш болор замат эле тартип коргоо органдары "саясий мотив жок" деди. Ишти иликтөө жарым-жартылай жүрүп жатат. Мен анын калыстыгынан күмөн санайм” деди.

Фракция мүчөсү Айсулуу Мамашова “Саляновдун үйүнөн эч нерсе жоголгон эмес, анда эмнеге “каракчылык” деп жатасыңар?” деген суроону койду.

Тергөө тобунун жетекчиси, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Сүйүнбек Аблатов шектүүлөр бар экенин, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү ачык айтылбай турганын билдирди. “Саясий мотив деп айтуудан алыспыз” деди ал.

Аблатовдун айтымында, Саляновду аткан курал табыла элек, баллистикалык экспертиза ок Макаров тапанчасынан атылган деген тыянак чыгарды.

Фракция маселени Жогорку Кеңештин сессиясына алып чыгууну чечти. "Тиешелүү күч органдарынын жетекчилери сөзсүз келиши керек" деген талап коюлду.

Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда ​белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.

Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG