Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:02

Кыргызстан ИКАО "кара тизмесинен" чыгууга 2019-жылы арыз берет


"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун “кара тизмесинен” (ИКАО) чыгуу тууралуу арызын 2019-жылы гана бере алат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, быйыл жыл башында “кара тизмеден” чыгыш үчүн ИКАО менен макулдашып, ар бир кадам боюнча план түзгөлгөн. Ошол пландын аткарылышы азыр 90% ашып калды.

- ИКАОнун стандарттарына туура келиш үчүн каржылоону көбөйтүү жагынан өкмөттүн токтому чыгып, бизге жардам көрсөтүлдү. Кызматкерлердин санын көбөйтүш үчүн дагы кичине нерселер калды. Ал аткарылса 100% чыгабыз. Андан кийин Евробиримдик менен ИКАОнун стандарттарына туура келтирилген иштер боюнча маалыматты жөнөтөбүз. 2018-жылдын аягына чейин алар бизге “кара тизмеден" чыгыш үчүн өтүнүч жазганга уруксат беришет. Ошондо биз 2019-жылдын аягына чейин өтүнүч жазабыз, - деди Акышев.

Евробиримдик жети жылдан бери Кыргызстандын учактарын өз аймагына киргизбей келе жатат. Башкы доомат - учактардын эскилиги.

Акышевдин айтымында, азыр Кыргызстанда беш авиакомпания иштеп жатат, "алардын экөө эл аралык сертификаттарды алып жатат, тизмеден чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар". (RK)

XS
SM
MD
LG