Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Кыргызстан "Мегаком" боюнча Нагорная менен сүйлөшүүнү токтотту


Елена Нагорная.
Елена Нагорная.

Мамлекеттик мүлк фонду "Альфа Телеком" ишканасын сатуу боюнча орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтотту. Мекеменин 15-ноябрдагы маалыматына караганда, тараптар сатык шарттары боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" уюк байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орус жараны арыз бергени быйыл сентябрда маалым болгон. Ал ортодо Интернетте Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенээри ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция салаарынан шек саноо, байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер "Мегакомду" кантип иштете алат деген түкшүмөл ойлор жаралган.

Кыргыз өкмөтү "Альфа Телекомду" 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган.

Өткөн жумада "Альфа Телеком" компаниясын сатып алууга эки кардар кызыгып жатканын Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирген.

XS
SM
MD
LG