Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:36

КТРКга жаңы көчмө телестанция келди


Жаңы техника.
Жаңы техника.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында заманбап, санариптик телеберүүнүн талаптарына жооп берген жаңы көчмө телестанция ачылды.

КТРКдан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, Түркиядан алынып келген акыркы үлгүдөгү көчмө телестанцияда HD 16:9 форматтагы 8 камера бар. Аны менен окуяларды жеринен түз алып көрсөтсө болот.

Корпорация жетекчиси Илим Карыпбеков "Азаттык" радиосуна билдиргендей, техниканын баасы 1 миллион АКШ долларынан ашат. Каражат өкмөт берген 70 миллион сом ссуданын жана президенттик шайлоодо коммерциялык берүүлөрдөн түшкөн акчанын эсебинен алынды.

Карыпбеков мындай кубаттуу көчмө студия Кыргызстанга биринчи жолу келгенин билдирди.

КТРКнын көчмө студиясынын ачылышы 14-ноябрда болуп, ага премьер-министр Сапар Исаков катышты. (SE)

XS
SM
MD
LG