Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Бабанов фракция лидерлигинен баш тартышынын себебин айтты


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери кызматынан кеткен депутат Өмүрбек Бабанов өз чечиминин себебин түшүндүрдү. Анын кайрылуусун НТС телеканалы жарыялады. Анда Бабанов ушу тапта чет мамлекетте ден соолугун чыңдап жатканын айткан, бирок кайсы өлкөдө экенин тактаган эмес:

- Мен азыр Кыргызстандан тышкары жактамын, саламаттыгым жайында. Ден соолугумду карап жатам. Менин саламаттыгым жөнүндө көп айың кептерди, ушактарды окудум, анын баары чындыкка туура келбейт. Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү жана демократия үчүн баарыңыздар менен чогуу күрөшөм, ага даярмын. "Республика" партиясы жана парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясы штаттык режимде иштеп жатканын билдиргим келет. Шайлоо мыйзамдарын, экономикалык жана социалдык саясатты өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорун кыска мөөнөттө сунуш кылыш үчүн биз мурдагыдан да ыкчам, жигердүү, ынтымактуу иштөөгө тийишпиз. Буга байланыштуу мен "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери кызматынан кетип жатам, - деген Бабанов кесиптештерине кайрылып, "биздин фракция өзгөчө ушул күндөрдө мыйзам чыгаруу жана саясий ишмердүүлүк маселелерин ыкчам чечүүгө, жумушту бир мүнөткө да токтотпоого тийиш" деп чакырган.

Башкы прокуратура 4-ноябрда Бабанов менен башка адамдарга Кылмыш кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-берененин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголуп, Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилгенин жарыялаган. Бабанов өзүнө жалган жалаанын негизинде иш козголгонун маалымдаган.

Өмүрбек Бабанов 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ат салышып, жарышта экинчи болуп келген. КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Шайлоодон кийин анын тарапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтышкан. Бирок бийлик муну четке кагып, шайлоо калыс өттү деп билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG