Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Бишкек соту "Элдик парламент" мүчөлөрү боюнча чечимди күчүндө калтырды


"Элдик парламент" мүчөлөрү. Апрель, 2016-жыл.
"Элдик парламент" мүчөлөрү. Апрель, 2016-жыл.

Бишкек шаардык соту "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүнө карата мурда райондук сот чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

Быйыл 2-августта Биринчи Май райондук соту Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жылдан, Марат Султановго 10 жыл жаза мөөнөтүн берген. Ал эми Александар Гусевди алты, Тойгонбек Калматовду беш жылга шарттуу түрдө кескен. Ишти 13-ноябрда Бишкек шаардык соту карады.

Баары 2016-жылдын май айында кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта болушкан.

Ушундай эле кине менен буга чейин Кыргызстанда төрт оппозиционер соттолгон. Биринчи Май райондук соту 17-апрелдеги өкүмү менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет. Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү. (BzA)

XS
SM
MD
LG