Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Голливудда сексуалдык ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү


Лос-Анжелес шаарынын көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн киши сексуалдык асылууга туш болгондорго тилектештигин билдиришти.
Лос-Анжелес шаарынын көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн киши сексуалдык асылууга туш болгондорго тилектештигин билдиришти.

Жекшембиде Голливудда шоу-бизнестеги сексуалдык зомбулуктан жапа чеккендерди колдоо акциясы өттү.

Лос-Анжелес шаарынын көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн киши сексуалдык асылууга туш болгондорго тилектештигин билдиришти. Жүрүш "Мен дагы" деген ураан алдында өттү.

Акыркы бир нече жумада ондогон аялдар менен эркектер шоу-бизнестеги белгилүү адамдарды, анын ичинде продюсер Харви Вайнштейн менен актер Кевин Спейсти сексуалдык ыдык көргөзгөн деп айыпташкан.

Акцияга катышкандардын бири, 21 жаштагы Тара Макнамарранын айтымында, дүйнөдөгү ар бир аял зордук-зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө кабылат.

- Мага көп жолу сексуалдык ыдык көрсөтүшкөн. Бул окуялар менин жашоомо абдан чоң кедергисин тийгизди. Оор депрессияга кабылдым. Бул тууралуу ачык айтууну каалаганым менен көптөр үчүн бул жабык тема эле. Эми сыртка чыгарып, тазалангандай болдум.

Жүрүшкө чыккандардын айтымында, акциянын максаты - сексуалдык ыдык көрсөтүү күчөп жатканына коомдун көңүлүн буруу.

XS
SM
MD
LG