Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кетти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна парламенттеги аталган фракциянын депутаты Алиярбек Абжалиев билдирди.
"Республика-Ата-Журттун" катчылыгы билдиргендей, Бабанов фракциянын мыйзам долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашуусу жана социалдык-экономикалык саясатта мурдагыдан да бекем болуусу үчүн ушундай чечим кабыл алган. Бабановдун чечимин фракция мүчөлөрү бүгүнкү жыйында колдошкон.
Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон.
Президенттик жарышта бийлик талапкери менен атаандашып, утулуп калган Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен эле. Ал Орусияда дарыланып жүргөнүн фракция лидеринин орунбасары Руслан Казакбаев айткан. (SE\TSh)