Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев каза болду


11-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Улан Чолпонбаев мезгилсиз дүйнө салды.

Маркумдун жакындарынын "Азаттык" үналгысына билдиргенине караганда, 40 жаштагы депутат акыркы мезгилде бөйрөгү ооруп ооруканада дарыланып жаткан. 11-ноябрдын таңында комага түшүп, ушул эле күнү кечке жуук каза болгон.

Улан Чолпонбаев Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты. 1977-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Бала чагы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында өткөн. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык укук факультетин аяктаган.

2009-жылы Москвадагы Айыл чарба академиясынын финансы жана менеджмент факультетин аяктаган. 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. 2015-жылы "Республика-Ата-Журт" фракциясынын курамында мандат алган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

XS
SM
MD
LG