Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

АКШнын Каржы министрлиги Кубага санкцияларды күчөттү


АКШнын Кубадагы элчилиги
АКШнын Кубадагы элчилиги

АКШнын Каржы министрлиги жаңы санкциялар ишканаларга, Кубанын атайын кызматтарында иштеген адамдарга жана аскер кызматкерлерине тиешелүү экенин белгилөөдө. Алардын тизмеси кийинчерээк жарыяланат. Ошондой эле америкалык жарандарга да чектөөлөргө тушуккан адамдар, ишканалар менен акча операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаменти маалымдады.

АКШ менен Куба 50 жылдык муздак мамиледен соң 2015-жылы дипломаттык карым-катышын калыбына келтирген. Бирок быйыл сентябрда Вашингтон Кубадагы элчилигинде иштеген кызматкерлеринин 60 пайызын чакыртып алган. Бул алардын коопсуздугуна байланыштырылган. Ошондой эле Куба жарандарына виза берүү токтотулган.

XS
SM
MD
LG