Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

Атамбаев: Тышкы чек араны бекемдөө жана коргонууну күчөтүү керек


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана техникалык камсыздоону жакшыртуу, аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо аракеттери тууралуу сөз болду.

Чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү жана аскердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында да айтылды.

Раимберди Дүйшөнбиев чек арачылар үчүн көп батирлүү эки үйдүн курулушу аяктаганын, Баткен облусунда “Миң булак” чек ара бекетин ачууга даярдык туурасында айтып берди.

Президент тышкы чек араларды чыңдоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

XS
SM
MD
LG