Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:09

"Ата Мекен" Салянованын, Текебаевдин, Чотоновдун коопсуздугун камсыздоону талап кылат


"Ата Мекен" саясий партиясы жана фракциясы тараткан билдирүүдө Улан Саляновдун өлтүрүлүшүндө саясий негиз бар деп, аны маркумдун эжеси Аида Салянованын саясий көз карашы жана эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштырат. Партия маркум саясатка тиешеси жок жөнөкөй жаран болгонун белгилейт.

"Кол салууну өз ишин жакшы билген адамдар депутаттын инисин өлтүрүү максатында жасашкан. Анткени үйгө куралчан, беткапчан кирген үч киши баалуу буюмдарга тийген эмес. Андай буюмдарды издешкен да эмес" деп белгилеген "атамекенчилер" Аида Салянова башкы прокурор болуп иштеп турган кезде да бир нече жолу ага кол салуу аракети болгонун эскертет.

Билдирүүдө ошондой саясий оппоненттерине атайылап кол салуу же өлтүрүү фактысын "кокустук" же башка себеп менен мүнөздөп, атайын буйрутма болгонун жаап-жашыруу аракети мурунку бийликтин тушунда болгону белгиленет. Ачык оппозициянын өкүлдөрүн жана саясий атаандаштарды коркутуп-үркүтүү аракеттери бүгүнкү күнү да бар экени айтылат.

Мындан тышкары "Ата Мекен" партиясы учурда камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч туулуп жатат деген кооптонот. ЖК депутаты Аида Салянованын өзүн жана үй-бүлөсүн коргоого алууну, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун абактагы коопсуздугун коргоо үчүн бардык шарттарды түзүп берүүнү өкмөттөн талап кылышкан.

"Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү, экс-баш прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Салянов 6-ноябрда түнкү саат 1:30 ченде Бишкектин Көк-Жар конушундагы үйүндө өлтүрүлгөн. Ок Саляновдун жүрөгүнө тийген. Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.

Ички иштер министрлиги анын өлтүрүлүшүндө саясий себеп жок деп маалымдаган. Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бул ишти өкмөт өз көзөмөлүнө алганын "Азаттыкка" берген маегинде айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG