Өткөн аптада (3-ноябрда) Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында 1917-жылдагы Октябрь социалисттик ыңкылабынын 100 жылдыгына арналган “Октябрь революциясы: мезгил чакырыгы жана тарыхый эс-тутум” деген аталыштагы эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында өткөрүлгөн бул жыйынга Орусия, Франция жана Кыргызстандынтарыхчы окумуштуулары катышты. Ал эми Казакстан менен Өзбекстандан чакырылган илимпоздор ар кыл себептер менен келе албай калышты.
Жыйындын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкери Санжар Тажыматов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) президенти Мурат Жуматаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун башчысы Кыяс Молдокасымов, Кыргызстандагы “Орусиялык кызматташтык” (“Россотрудничество”) уюмунун өкүлү Эдуард Крусткалн, Борбордук Азияны изилдөө боюнча Француз институтунун чөлкөмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Катрин Пужол (Catherine Poujol) айым, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин жана башка уюмдардын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.
Ал эми пленардык отурумда КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, этнограф, профессор Абылабек Асанканов 1917-жылдагы ыңкылаптан кийинки кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эволюциясы тууралуу баяндама жасады. Орусиядан келген тарых илимдеринин доктору, профессор Евгений Юрьевич Сергеев өз баяндамасында 1917-жылдын Феврал ыңкылабы да жаңыча иликтенип жаткандыгын, бул ыңкылап да мүнөзү боюнча чыныгы элдик болгондугун белгиледи.
Француз илимпозу Катрин Пужол айымдын “Кош бол, Ленин!” деген баяндамасында кызыктуу социологиялык байкоолору камтылган. Ал жаңы муун өкүлдөрү 100 жыл мурдагы окуяларды мурдагыдай коммунисттик цензурачыл көз караштардан эркин шартта баалап жатышканын белгиледи.
Кыргызстандык илимпоздор Алаш Ордонун жана Түркстан автономиясынын 100 жылдыгы менен байланыштуу да кызыктуу маалыматтарды ортого салып жатышты.
Кыргызстандагы бул илимий жыйында да СССРде сталиндик доордо жүзөгө ашырылган ырайымсыз жазалоолор тууралуу ар кыл даректүү маалыматтар ортого салынып жатты. Адатта, 1917-жылдагы Өктөбүр ыңкылабы тууралуу сөз жүргөндө, лениндик-сталиндик репрессиялар тууралуу анчейин кеп кыла беришчү эмес. Кыргызстандагы быйылкы илимий жыйындарда жана башка коомдук талкууларда болсо айдыңдар советтик репрессиялар тоталитардык түзүлүштүн маңызы менен байланыштуу болгондугун ачык белгилеп жатышты.
Айтмакчы, 7-8-ноябрдагы күндөрдү Кыргызстан быйыл башкача шартта белгилөөдө. Анткени Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 26-октябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Бул жарлыкта: “...Ал эми Россия Федерациясында 7-ноябрь расмий белгиленбейт. “Октябрь революциясы” деген термин расмий документтерде “1917-жылдагы октябрь окуялары” деген түшүнүк менен алмаштырылууда. Совет мезгилиндеги жетишкендиктер менен катар эле “октябрь окуяларына” “Россиянын каргашалуу тажрыйбасы” катары баа берилип, “эбегейсиз жоготуулар”, “маданий тажрыйбанын жоготулушу, муундар ортосундагы байланыштардын үзүлүшү”, “куугунтуктоолор”, “калктын билимдүү катмарынын эмиграциясы”, “сүргүнгө айдалгандардын жана кулакка тартылгандардын курмандыктары”, “массалык репрессиялар” менен мүнөздөлөт”, - деп айтылган.
Кыргыз президентинин бул жарлыгындагы айрым идеяларга каршы айрым орусиялык улутчул саясатчылар кескин сын айтып, Бишкектин мындайча “душмандык кадамы” үчүн Орусиядагы кыргыз мигранттарына каршы чектөөлөр киргизүүгө чейин сунуштагандыгы маалым.
Байкообузга караганда, расмий Бишкек менен расмий Кремлдин 1917-жылдагы окуяларга карата баалары, чын-чынында, окшош чыгып жатат. Маселен, Орусиянын президенти Владимир Путин да 2016-жылы 1-декабрдагы сөзүндө тарыхчылар жана башка илимпоздор гана эмес, жалпы орусиялык калайык 1917-жылдагы окуяларды объективдүү, калыс, чынчыл, терең серептеп карашы керектигин белгилеген.
Ал эми 2017-жылы 30-октябрда Атуулдук коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча Кеңештин отурумунда чыгып сүйлөп жатып, орус президенти Путин 1917-жылдагы Өктөбүр ыңкылабы мамлекетти жана элди ар башка тараптарга жиктеп салгандыгын, ал эми анын 100 жылдыгы, тескерисинче, жиктелүүнүн аякташынын символу, өз ара кечиримдүүлүктүн жана тарыхка калыс баа берүүнүн символу болушу керектигин айтып чыкты.
Бишкектеги эл аралык илимий жыйын деле, биздин оюбузча, көз караштардын мозаикалуулугу менен айырмаланды. “Өктөбүр окуяларынын социалисттик ыңкылап мүнөзүн эми антип карайбыз?” деген суроого орусиялык тарыхчыЕвгений Юрьевич Сергеев мырза, иш жүзүндө, идеал катары айтылган социализмди куруу максаты Орусияда толук ишке ашпагандыгын эскертүү менен жооп берди.
Ошентип бул илимий жыйында 1917-жылдагы Февраль ыңкылабынын тарыхый орду жөнүндө да, андагы лидерлердин бири Александр Керенскийдин бейнеси тууралуу да ар кыл көз караштар, жаңы жана эски баалар айтылды.
Жаңы көз карашты туткан пост-советтик кыргыз тарыхчылары 1917-жылдагы Февраль ыңкылабынын тарыхына жана анын А.Керенский сыяктуу лидерлеринин ролуна большевиктер жана советтик изилдөөчүлөр мурда берген жана атайылап төмөндөтүлгөн эски бааны толук четке кагышты.
Көп партиялуу, либералдык коомду куруу багыты көп этностуу Орусияда 1917-жылдын февралындагы (григорийлик жылсанак боюнча – 1917-жылдын март айындагы) Феврал ыңкылабында, андан соң Алаш Ордо автономиясын Түркстан (Кокон) автономиясын түзүү маалында калыптангандыгы азыр ачык айтылууда.
Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык,8-ноябрда Бишкекте дагы бир окуянын – 1937-жылы жаңы күч менен башталган сталиндик жазалоолор толкунунун 80 жылдыгына байланыштуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлгөн жатат.
Калыс таразалаган кишилерге бул алдыдагы илимий жыйындын маалыматтары да 1917-жылкы Орусиядагы ыңкылаптардын натыйжалары жөнүндө жаңыча бүтүм чыгарууга огожо боло алат.
Тарыхый эс тутум, демек, 100 жыл менен чектелбеши керек. 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн туу чокусу – эгемен кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүү далаалаттары (хандыктарды жазыялоо) менен коштолгондугун эскере жүрүшүбүз керек. Дал ошондо Ленин чокусун Манас-Ата чокусу деп атоо сунушунун руханий жактан туура экендигине көзүбүз жетет. “Мнаас” эпосу ар кыл тарыхый доорлордо кыргыздарга эгемен мамлекет идеясын таберик катары сактап келген эмеспи.
Ленин чокусунун атын өзгөртүү боюнча сунуштан улам орус-кыргыз мамилелерине чагым салгысы келгендерге эскертээрибиз – орустардын өздөрү азыркы Санкт-Петербург шаарын 1914-жылы Петроград деп, 1924-жылы Ленинград деп аташкан, бирок 1991-жылы шаарга анын тарыхый атын – Санкт-Петербург аталышын расмий түрдө кайтарышкан. Демек, “ленинсиздештирүү” жүрүмү Орусиядагы топонимдерде Кыргызстандан алда канча эртерээк башталган.
Ал эми Ленин чокусунун батыш бөлүгүн тажиктер 2006-жылы эле Ибн Синанын ысымы менен атап алышкан. (Кыргыздар “Жел-Айдар” деп атап келген бул чоку 1871-27-жылдары фон Кауфман атындагы чоку болуп аталып келгени да маалым).
Жыйынтыктасак, Кыргызстанда 7- жана 8-ноябр күндөрү - жыл сайын белгиленүүчү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” деп жарыяланды.
Бул күндөрү кыргызстандыктар 1916-38-жылдардагы окуяларды өздөрүнүн партиялуулугуна карабастан орток белгилешип, жазыксыз набыт кеткендерди эскеришип, аларды жазалагандардын иш-аракетин калыс жана кечиримдүү баалашып, болочокто тирандык, тоталитардык зулумдук кайталанбашы үчүн терең маалыматка ээ болууга умтулушу абзел. Ал үчүн бүгүнкү күнү да ар кандай зулумдукка жол бербөөгө атуулдук коом өз салымын кошуусу зарыл, дешет кыргызстандыктар.