Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Тажикстанда чет жакта билим алган имамдар иштен алынат


Тажикстандын Аалымдар кеңешинин төрагасы Саидмукарам Абдулкодирзода
Тажикстандын Аалымдар кеңешинин төрагасы Саидмукарам Абдулкодирзода

Тажик өкмөтүнө караштуу Дин жана салт-санааларды жөндөө боюнча комитет чет жакта билим алган диниятчыларды кызматтан кетирүү чечимин кабыл алды. Ал тапта комитеттин жетекчиси Сулаймон Дав жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Саидмукарам Абдулкодирзода дагы чет жактан билим алышканы маалым болду деп жазды "Азаттыктын" тажик кызматы.

Абдулкодирзода эгер мусулмандар анын кызматтан кетишин талап кылса, ал ага даярдыгын билдирди.

- Айрым имам-хатибдер Тажикстанда тыюу салынган кыймылдарга кошулуп кетишкени үчүн камалышты. Эгер менин да иштен кетүүмдү талап кылышса өлкөдөгү тынчтык үчүн арыз жазып, ишимди өткөрүп берүүгө даярмын. Мен 1990-жылдардагы кайгылуу окуялардын кайталанышын каалабайм.

Ал эми комитеттин пресс-катчысы Афшин Муким тиешелүү чечим 28-октябрда кабыл алынганын айтып "чечим чет жактарда мыйзамсыз жолдор аркылуу билим алган гана имам-хатибдерге тийиштүү"-деп тактады.

Соңку эки жыл ичинде чет жакта окуп келген бир нече имам-хатибдер өлкөдө тыюу салынган кыймылдарга жана партияларга мүчө болгондугу үчүн соттолушкан.

Ушул жайда Бобожон Гафуров райондук соту мечиттин жети кызматкерин эркинен ажыраткан. Аларга өлкөдө тыюу салынган "Мусулман агайындар" уюмунун ишмердүүлүгүн жайылтуу менен алектенишкен деген айып тагылган.

XS
SM
MD
LG