Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Таласта митингчилер Атамбаевдин кечирим сурашын талап кылууда


Таластагы акция. 29-октябрь, 2017-жыл.
Таластагы акция. 29-октябрь, 2017-жыл.

Талас шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдында ушу тапта нааразылык акциясы өтүп жатат. Уюштуруучулар ага 500дөн ашык киши чогулду деп маалымдашты. Бийлик жана милиция алардын санын айта элек.

Акциянын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевдин Талас эли, Манас тууралуу айткандарына жана кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүнүн күчөшүнө нааразылык билдирип турушат. Бир тобу Манас тууралуу президент туура эмес сөз сүйлөгөнүн, анын Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине айткан сынынан улам чек ара жабылды деп айтышты.Чек арадагы абалды калыбына келтирүү үчүн Назарбаевден жана Манас тууралуу айткандары үчүн таластыктар менен жалпы кыргызстандыктардан кечирим суроону президенттен талап кылышты.

Президенттик аппарат бул талаптар боюнча комментарий бере элек.

Алмазбек Атамбаев Бишкекте 18-октябрда жогорку окуу жайларынын алдыңкы студенттерине сертификат тапшырып жатып, шайлоодон кийин Таласта нааразылык билдирип акцияга чыккандарды сынга алган, аларды Манасты билүүгө чакырган. Таласта президенттин билдирүүсүнө нааразылык акциясы 29-октябрда да өткөн.

8-октябрда Атамбаев казак бийлигинин дарегине бир катар сын айткан. 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, оор жүк ташуучу автоунаалардын 10 чакырымдан ашкан кезеги пайда болду. Бирок Астана бул кадамын Атамбаевдин айтканы менен байланыштырган эмес, алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. (NT)​

XS
SM
MD
LG