Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:56

Шайлдабекова: Текебаевдин мандаты мыйзамдын негизинде токтотулду


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаты мыйзамда көрсөтүлгөн негизде токтотулду деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Боршайком төрайымы мыйзамда шаардык соттун өкүмү күчүнө киргенден тартып 30 күн ичинде мандат токтотулат деп жазылганын айтты.

Ошону менен катар ал эми Текебаевдин ордуна "Ата Мекендин" тизмеси боюнча келе турган кийинки депутат боюнча маселе создугушу мүмкүн экенин четке каккан жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты деген макамдан 1-ноябрда ажыратты.

Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкү мамлекетке чегерилсин деген чечим чыгарган.

Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Адвокаттардын көзөмөл арызы Жогорку Сотто 20-ноябрда каралат.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Өткөн аптада Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Текебаевди мандатынан ажыратуу тууралуу токтомго БШКнын 12 мүчөсүнүн экөө: Гүлнара Журабаева жана Атыр Абдрахматова каршы добуш берген. Абдрахматованын "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, БШК Текебаевдин мандаты тууралуу маселени 20-ноябрдан кийин кабыл алышы керек болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG