Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:10

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланат


Сот жараянынан.
Сот жараянынан.

Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, Биринчи Май райондук сотунда болуучу жараянда күбөлөр көрсөтмө берет:

- Буга чейин көрсөтмө берген күбөлөрдүн баары мени мурда көрбөгөндүгүн айтышты. Алар машинелерин фирмага сатып, акчасын фирманын кассасынан, кассирдин колунан алып кеткенин айтып жатышат.

Мурдагы сот жараянында бир гана күбө көрсөтмө берген. Мамлекеттик айыптоочулар муну "атайылап сотту создуктуруу" аракети катары баалап, күбөлөрдү күчтөп алып келүүнү соттон өтүнүшкөн.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев менен Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон.

Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Мамлекеттик айыптоо тарап Шыкмаматов ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканын белгилөөдө.

Шыкмаматов өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, "саясий куугунтук" деп атап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG