Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Фейсбук: Орус пропагандасын АКШдагы шайлоочулардын жарымы көрүп турган


АКШдагы шайлоочуларга таасир этүү үчүн жайгаштырылган 80 миңдей постту Фейсбукта америкалык 126 миллиондой киши көрүп чыккан болушу мүмкүн. Ар кыл саясий реклама жана башка үгүт материалдарды камтылган постторду Орусияда катталган аккаунттар чыгарып турушкан. Бул тууралуу Фейсбук Конгресске жолдогон докладда айтылат.

Буга чейин Твиттер да Москванын пропагандасын жайылткан Интернетти изилдөө агенттигине таандык аккаунттарды аныктаган.

Эки компаниянын өкүлдөрү бүгүн Конгресстин укуктук маселелер боюнча комитетиндеги угууларга тартылмакчы.

Фейсбуктун соңку маалыматы Орусиянын АКШдагы саясий көз караштарга таасир этүү аракеттеринин масштабы мурда болжолдонгондон кеңири экенин көргөзөт. Сөз болгон посттор 2015-жылдын июнь айынан быйылкы августка чейин жайгаштырылып, шайлоо жашына жеткен жарандардын жарымына жетип турган. Ал материалдарда расалык мамилелер, курал сатуу өңдүү Америкада талаш-тартыш жараткан маселелер талкууланчу.

Фейсбуктун расмий өкүлү "коркунучтун жаңы түрүнө каршы турушарын" билдирди.

XS
SM
MD
LG